Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

БШК референдумдун жыйынтыгын жарыялады


27-июнда Кыргызстанда өткөн референдумга 1 млн. 777 миң 339 шайлоочу катышып, 90,55 пайызы “макул” деп добуш беришти. Алардын 158 миң 373ү “жок” деп добуш беришкен. 1,38 пайыз бүллетен жараксыз болуп чыкты. Бул тууралуу БШК расмий маалыматты кечээги отурумунда кечки саат 21-30 жарыялады, деп билдирди “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова.

Маалыматка караганда, БШКнын референдум тууралуу расмий маалыматы “Эркин тоо” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында жарыяланып, Конституция күчүнө кирди. Андан сырткары Роза Отунбаева Өткөөл мезгилдин президенти болуп бекилди. (AJ)

XS
SM
MD
LG