Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Укук коргоочулар кесиптеши Азимжан Аскаровду коргоо акциясына чыгышты


Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңесесинин алдына кыргызстандык укук коргоочулар өлкөнүн түштүгүндө иш алып барган “Аба” укук коргоо борборунун жетекчиси Азимжан Аскаровду колдоп чыгышты. Алар А.Аскаровдун токмоктолуп, колундагы видеокамерасынын тартылып алынганын белгилешип, анын түштүктөгү окуяда күнөөсү жок экенин айтып жатышат. Укук коргоочулар ушул багытта Убактылуу өкмөттүн орун басары Азимбек Бекназаровго жолугушкан. Анда А.Бекназаров А.Аскаровдун токмоктолбогонун билдирген. Мындан кийин укук коргоочулар А.Бекназаровго ишенбөөчүлүк билдиришип, кызматтан кетишин талап кылышты.

А.Аскаров 15-июнда Базар-Коргондо Жалал-Абаддагы тополоңду уюштурду деп шектелип кармалганы айтылууда. Бул маалыматты Жалал-Абад шаардык комендатурасынан тастыкташкан жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG