“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, “Мекен шейиттери” уюмунун 10 өкүлүн Белорус элчиси Виктор Денисенко кабыл алмай болду. Элчи чогулгандардын алдына чыгып аларды сүйлөшүүгө чакырды. Мындан соң элчилик жайгашкан Мосвка көчөсү ачылды.
6-7-8-апрелдеги кандуу окуяда окко учуп каза болгондордун ата-энеси, туугандары түзгөн “Мекен шейиттери” уюму Бишкек шаарындагы Белорус элчилиги жайгашкан Москва көчөсүндө унааларды өткөрбөй тосуп турушкан. Алар элчилиликтен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга алынып келинишин талап кылышууда. (КЕ)