Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

АКШ Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филип Кроули (P.J. Crowley) 7-апрелде жасаган билдирүүсүндө АКШ адам өлүмүнө байланыштуу окуялар толук изилденишин жактаарын айтты

-Бизди жарандык тартип бузуулар жана бөөдө болчу жоготуулар терең тынчсыздандырат. Бизди тополоң өкүндүрөт жана адам өлүмүнө же зобунчулукка байланыштуу ар бир окуя толук изилденип, (күнөөлүүлөр) жоопко тартылышын колдойбуз.

Кроули Ак Үй Кыргызстандын ырасмий жана бейрасмий башчыларын калабаны токтотууга чакырганын да билдирди:

-Биз өкмөт жана жарандык уюмдардын жетекчилери менен байланышып, аларды тынчтыкка, ырашкерликке жана өзгөчө кырдаал жагдайында жарандардын укуктарын сыйлоого үндөдүк.

Филип Кроули АКШ өкмөтү бардык тараптарды ич ара келишпестиктерди мыйзам негизинде жөндөөгө үндөгөнүн да белгиледи:

-Биз бардык партияларды мыйзамды сыйлоого жана карама-каршылыкты тынч, мыйзам чегинде чечүүгө чакырабыз. Биз Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн бекем колдойбуз жана Кыргызстандын элин колдоону улана беребиз.

XS
SM
MD
LG