Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Шарты катаал аймак тургундарын колдоо боюнча жардык чыкты


Президент Курманбек Бакиев бийик тоолуу, алыс, барууга кыйын аймактарда жана чек ара райондорунда жашагандарга мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары тууралуу жардыкка кол койду. Жардыкка ылайык, тарифтердин жогорулашына байланыштууу өкмөт бир айдын ичинде мындай аймакта жашаган адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды даярдоого милдеттендирилди. Ошондой эле өкмөткө Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик менен бирге шарты катаал райондорду изилдеп, аны социалдык жактан өнүктүрүү боюнча программа иштеп чыгуусу тапшырылды. Ушул жылдын 24-февралында Нарын шаарында тарифтердин кымбатташына нааразылынап миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайында жашоо шарты катаал нарындыктардын талаптары жүйөлүү болду, деп билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG