Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Жекшенкулов ишин райсот бүгүн аякташы ыктымал


Бүгүн Биринчи май райондук соту мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго таандык соттук териштирүүнү улантаары күтүлүүдө. 1-мартка белгиленген сот отуруму түрк ишкерин өлтүрүү факты боюнча чогуу соттолуп аткан үч кишинин бири Илияс Абдыкадыровдун адвокаты жок болуп калгандыгына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган.

26-февралда мамлекеттик айыптоочу түрк ишкеринин өлүмү боюнча Жекшенкуловду айыптоого далил жок деп эсептеген. Ал эми тышкы иштер министри кезинде Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген кылмыш иш боюнча соттон 4 жылга шарттуу кесүүнү сураган. Жекшенкуловдун тарапкерлери ага каршы козголгон эки кылмыш иши тең негизсиз деп жатышат. Сот бүгүн өкүм чыгарары болжолдонууда. Экс-министр былтыр 9-мартта камакка алынып, кийинчерээк үй камагына которулган. (BuS)

XS
SM
MD
LG