Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Ооган мигранты АКШда терракт даярдаганын моюнга алды


Жыйырма беш жаштагы Наджибулла Зази сотто берген көрсөтмөсү учурунда Нью-Йорктун метросуна кол салууну мерчемдегенин моюнга алды. Зази ошондой эле “ал-Каиданын” Пакистанда, Ооганстан менен чектеш Вазирстан чөлкөмүндө жайгашкан лагеринде куралды колдонуу жана бомба даярдоо боюнча машыгуудан өткөнүн да билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, айыпталуучу кутумга катышуусунун себебин америкалык аскерлер оогандардын укугун бузуп жатканына коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөгөндүгү менен түшүндүргөн. АКШ бийликтери Колорадо штатынын аэропортунда айдоочу болуп иштеген Зазини жана башка дагы эки кишини жардыруу уюштурууну көздөгөн деген шек менен былтыр сентябрда камаган. Ал күнөөлүү деп табылса, эми өмүр боюу түрмөгө кесилүүсү мүмкүн. АКШнын юстиция министри Эрик Холдер бул кутумду коопсуздук боюнча 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан берки эң олуттуу коркунуч катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG