Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

И.Исаковдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантышууда


Саясий туткундарды коргоо комитети уюштуруп жаткан ачкачылык акциясына Бишкекте жана Алайда катышкандардын саны бүгүнкү күнгө 15 болду. Алардын арасында камактагы оппозиция лидери Исмаил Исаковдун 85 жаштагы апасы да бар. Алайда ачкачылык кармагандардын үчөө саламаттыгынын начарланышына байланыштуу убактылуу акциядан четтетилди. Саясий туткундарды коргоо комитетинин башчысы Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүндө мурунку коргоо министри бошотулмайын бул ачкачылык акциясы улантыла берет. Исмаил Исаковдун Жогорку Аскер Сотуна апелляциялык арызын саясатчынын адвокат Азимбек Бекназаров өткөн аптада берген болчу. Мыйзам боюнча арыз бир айдын ичинде каралышы керек

Ачкачылык акциясына чыккандар 8 жылга эркинен ажыратылып, 11-январда камакка алынган мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковду актоо, саясий туткундарды бошотуу, репрессияны токтотуу талаптарын коюп жатышат. (EK)

XS
SM
MD
LG