Бир жума бою шайлоочулар менен жолугушууларда болгон Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн комитеттерде ишин баштайт. Коопсуздук жана коргонуу комитетинде Жогорку Соттун судьялыгына Н.А. Алыбаева, К. Апаитова , К.Т. Осмоналиевди жана Р.А. Салиевди дайындоого макулдук берүү маселелеси каралат. Судьялыкка талапкерлер тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева депутаттарга маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)