Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Жаштар аллеясындагы жер талаш боюнча сот болот


Бишкектеги Улуттук филармониянын арка тарабындагы жаштар аллеясынын бир бөлүгү талашка түшүп, ал жерге көп кабаттуу үйдүн курулушуна ошол жерде жашашкан мугалимдер каршы чыгышууда. Буга байланыштуу эртең Бишкек шаардык Ленин райондор аралык сотунда иш каралмакчы. Бул тууралуу жаштар аллеясындагы курулушту токтотууну талап кылышкан мугалимдер тобунун өкүлү Чынара Мамытбекова “Азаттыкка” билдирди.

Бишкек гуманитардык университетинин доценти Чынара Мамытбекованын айтымында, жаштар аллеясындагы жердин бир бөлүгүн шаар башчылыгы аукционго коюп сатып жиберген. Эми ал жерге “Юнис-Курулуш” аттуу ишкана көп кабаттуу үй курууга киришүүдө.

“Бул курулуш ишканасынын чыныгы ээси мурдагы депутат Рахат Ирсалиев экен. Биз жалпы эл эс алган, жакшынакай бак-дарактар турган жердин бузулушун каалабайбыз. Премьер-министрге, президентке, Жогорку Кеңешке да бул боюнча кайрылып, жыйынтык чыгара албай келатабыз”,- дейт Ч.Мамытбекова.

Нааразы болгондор буга чейин шаар мэрине да кирип чыгышкан. Шаар мэри Нариман Түлеев бул ишке сот чекит коюшу керектигин билдирген. Бул маселе боюнча 1-сентябрда башталган соттук кароо түрдүү себептерден улам улам кийинкиге жылдырылып келатат. (IJz)

XS
SM
MD
LG