Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Барскоондо пикетчилер тарады


“Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча пикет тынч тарады. Райондук күч кызматкерлери тарабынан эч кандай күч колдонуулар болгон жок. Акциянын катышуучулары менен Кумтөр ишканасынын өкүлдөрү чыгып жолугушуп, алардын талаптары жазылган кайрылуусун алып калышкан.

Бүгүн түшкө чейин Кумтөр компаниясынын иш-аракеттерине нааразы болгон жүзгө чукул киши: Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Тосор, Тамга айылдарынын тургундары ишкананын Барскоондогу кеңсесинин алдында акцияга чыгышты. Алар кыргыз алтынын казып жаткан канадалык ишкананын иш-аракеттери элге ачык-айкын болушун, элдин өкүлдөрүн ишкананын президенти Роберт Вандер кабыл алуусун, компаниянын эл менен байланышуучу менеджери Керим Шатмановдун кызматтан кетүүсүн, кадр маселесинде коррупция токтотулуусун жана башка бир катар талаптарды коюп, ишканага бир жума мөөнөт беришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG