Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Шайлоо ММКларда бейтарап чагылдырылган жок


Бул тууралуу бүгүн болуп өткөн “Шайлоо жана маалымат каражаттары” деп аталган тегерек үстөлдө айтылды. Жыйында июль айында Кыргызстанда болуп өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жана добуш берүү жүрүшүнүн чагылдырылышы тууралуу кеп болуп, анда негизинен өкмөттүк маалымат каражаттарында талапкерлердин бирөө гана азыркы жана мурдагы президент Курманбек Бакиев көп чагылдырылганы тууралуу айтылды. Шайлоо учурунда маалымат каражаттарына байкоо салган Медиа өкүлчүлүк институту мурдагы жана азыркы президенттин талапкерлигине байланыштуу маалыматтарды Улуттук телеканал, 5-канал, мамлекеттик басма сөз каражаттары дээрлик 90-95% чейин позитивдүү жактан бергендигин билдирди. Буга карата УТРК жетекчисинин орун басары Кайыргүл Орозбек кызы жооп кылып, Улуттук телеканал талапкерлердин бардыгына бирдей мамиле жасоого аракеттенгендигин, Улуттук 1-канал аркылуу көп көрсөтүлбөгөнүнө калган талапкерлердин өздөрүнүн даярдыгы жок болчу деп билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG