Өкмөттөн алынган маалымат караганда, 19-августка карай өлкө боюнча дан эгиндеринин 66% чабылып жыйналды.Жыйналган дандын жалпы көлөмү 1 миллион 35 миң тоннага жетти. Анын ичинде буудай 800 миң тоннадан ашыгыраак жыйналды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карай 189 миң тоннага көп. Өкмөт ошондой эле дыйкандардан үчүнчү класстагы буудайды 10 сомдон сатып алууну чечүүдө. Дыйкандардын түшүмү “Агрокорпорацияга” берилген 200 миллион сомго сатып алынары белгиленүүдө.(AiT)