Кыргыздын таанылып келе жаткан таланттуу режиссеру Нурбек Эген кезектеги тасмасы 1916-жылдагы Үркүнгө арналмакчы. Бул жөнүндө режиссер “Азаттык” менен болгон маегинде айтып өттү. Кинофильм Би-Би-Сиде иштеген белгилүү кыргыз журналисти Арслан Капай уулунун “Беделдин белиндеги каргыш” деп аталган чыгармасынын негизинде тартылган жатат. Үркүн учурундагы кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл окуяларды баяндаган бул чыгарма жакынкы күндөрү кыргызстандык окурмандардын колуна тийет.
Нурбек Эген “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген аталыштагы даректүү фильмин тартып бүткөнүн билдирген. Анын эл аралык аудиторияга эсептелген варианты ушул жылдын аягына чейин көрсөтүлөт. Ал эми Кыргызстанга эсептелген узун варианты келерки жылы даяр болот. Кинорежиссер өзү азыркы учурда АКШда Лос-Анжелес шаарында атактуу Голливуд киноиндустриясында чеберчилигин өркүндөтүп жатат. (KCh)