Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Гондурастын бийликтен кулатылган президенти мекенине бейшембиде барат


Бул тууралуу Мануэль Селаянын өзү Никарагуада жүргөн жеринен билдирди. Ал өлкөдөгү аскерий төңкөрүштөн кийин күч менен Коста-Рикага жөнөтүлгөн эле. Селая Никарагуага Коста-Рикадан барган. Селая белгилегендей, аны Гондураска бейшембиде Америка өлкөлөр уюмунун башчысы Хосе Мигель Инсулза коштоп барууга макул болду. Мунун алдында Гондурастагы кризис боюнча Вашингтондо сүйлөшүүлөр өтмөкчү. АКШ президенти Барак Обама кечээ Мануэль Селая Гондурастын демократиялык жол менен шайланган президенти экенин, АКШ “демократиянын тарабында турарын” белгиледи.

XS
SM
MD
LG