Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Р.Отунбаева: Адилеттик болбосо, тынчтык болбойт


Бул тууралуу бүгүн парламент отурумунда депутат Роза Отунбаева билдирди. Ал КСДП жана башка партиянын өкүлдөрү Түп районунда эл менен жолугушууга барганда Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү администрациянын жетекчилери Конституцияны бузуп, жолугушууларды үзгүлтүккө учуратуу үчүн чагым уюштуруп мыйзамсыз иш аракеттерге барганын, депутат К.Кадыровго кол салуу болуп, Түптүн милиция органынын жетекчиси аны сөккөнүн белгиледи. Отунбаева мындай мыйзамсыз иш аракеттер Жогорку Кеңеште каралышын сунуштап, саясий сезондо оппозицияга кол салуулар токтотулбаса, адилеттик болбосо, өлкөдө тынчтык болбостугун айтты. Депутат Табылды Орозалиев Түпөгү окуяны интернеттен окуп Ысык-Көлгө барганын, кесиптеши Роза Отунбаеванын айткандарына толук кошула албастыгын, оппозиция өткөрөбүз деген курултайдын максаты түшүнүксүз экендигин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG