Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясы Пекинде чогулууда


Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясы бүгүн Пекин отурумуна чогулууда. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөттүк делегация Кытайга кетти. Отурумда соода-экономикалык алакалардын актуалдуу маселелеринен тышкары темир жол курулушуна байланышкан маселе да талкууланат деп болжолдонду. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда отурумдун жыйынтыгы боюнча протокол кабыл алынат. Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын Бишкек отуруму 2006-жылы болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG