Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Д.Садырбаевдин эстелигин ачууда анын ишмердүүлүгү эскерилди


Эскерүү митингисин Азимбек Бекназаров ачып, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковго сөз берди. Өз сөзүндө Сыдыков маркум экс-депутат Дооронбек Садырбаевдин кыргыз маданиятына, коомго сиңирген эмгегин, саясаттагы салмактуу ордун белгиледи. Акыйкатчы Турсунбек Акун эстеликти ачууга бийлик өкүлдөрүнүн, президенттин администрациясынан, өкмөттүн аппаратынан бирөө жарым келбегенине, УТРКнын журналисттери бул иш чараны коомчулукка жарыялабаганына нааразылыгын билдирди. Акыйкатчы оппозиция менен бийлик бөлүнгөнү менен Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө, азыркы бийликтин келишине зор салым кошкон Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачып, аны эскерүүгө мындай жамандык-жакшылыкта бийлик менен оппозиция бөлүнбөшү керек деди. Садырбаевдин бир тууганы Кубанычбек Садырбаев болсо эстеликти тургузууга СДПнын лидери Алмаз Атамбаев менен Муратбек Мукашев чоң салым кошконун айтып, аларга ыраазычылыгын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG