Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Гуантанамо түрмөсү жабылуусун кубаттады


Генерал Дэвид Петреус атайы “Азаттык жана Эркин Европа” радиосу үчүн берген интервьюсунда белгилегендей, Гуантанамо түрмөсүнүн жабылуусу жана террорчулукта шектелгендерди суракка алуунун катаал ыкмаларынан баш тартуу америкалык аскерлер Ирак менен Ооганстандагы милдеттерин аткаруусуна жана трансулуттук экстремизмге каршы күрөшүүгө жардам берет:

-Гуантанамого байланыштуу, менимче, түрмөнүн жабылуусу зарыл. Бирок баарын азыр юстиция министрлиги иштеп жаткандай кылып, талаптагыдай жүргүзүү абзел. Мен жакында эле юстиция министри менен сүйлөштүм. Алар камакта калгандарды кайда алпаруу керектигин аныктоо, алардын тагдырын мыйзамдуу жолдор менен чечүү, эгер талап кылынса, алардын мындан ары да камакта туруусун камсыздоо боюнча ургалдуу аракеттерди көрүүдө. Бирок муну жоопкерчилик менен жасоо - АКШ камактагыларга карата Женева конвенциясы боюнча өз милдеттемелерин аткарып жаткандыгын дүйнөгө көргөзгөн олуттуу белги болот.

Гуантанамонун жабылуусун кечээ Эй-Би-Си телеканалындагы маегинде АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы адмирал Майк Маллен да кубаттады. Ал аскерий өкүлдөр азыр президент Обаманын түрмөнү 12 айда жабуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруунун үстүнөн иштеп жаткандыгын билдирди.

Президент Барак Обама түрмөнү бир жыл ичинде жабууну быйыл январда буюруган. Учурда Гуантанамодо терорчулукта шектелген 240тай айыпкер бар.

XS
SM
MD
LG