Ооганстандын түштүгүндө коалициялык жана өкмөттүк күчтөр менен талип аскерлери арасында тынбай кагылышуулар болууда. Пакистандын түндүк батышында да талип согушчандары өкмөттүк күчтөргө катуу каршылык көрсөтүүдө. Мындай абалдан улам Барак Обама май айында Пакистан жана Ооганстандын президенттерин өз ара кездешип, абалды талкуулоого чакырды.
Президент Обаманын тынчсыздануусу канчалык жөндүү?
Нидерландиялык эксперт, Жулиан Линдлей- Френчтин “Азаттыкка” айтышынча, ашыкча кооптонууга негиз жок:
-Менин оюмча, Пакистанда туруктуу иштөөчү айрым бийлик институттары: президенти, парламенти жана армиясы бар. Алар өлкөдөгү туруктуулуктун негизи. Алар бүтүндөй Батыш жолойу менен иштебөөсү мүмкүн. Бирок антип иштөөсү зарылбы? Пакистан мамлекети ырааттуу иштеп жатканын унутпаганыбыз маанилүү. Балужистандагы, Вазирстандагы, Федералдык башкаруудагы уруулар жашаган аймактардагы кырдаалды оң баалообуз керек. Пакистан талиптери, арийне, коркунучтуу. Бирок Пакистан региондогу кырдаалды стабилдештирүүдө биздин жакын өнөктөшүбүз болуш керек.
Профессор Линдлей-Френч Ооганстандагы стабилдүүлүк региондогу кырдаалга, коңшулардын жардамына жана эларалык уюмдар менен кызматташууга байланыштуу экенин АКШнын жаңы жетекчилиги түшүнгөнүн оң баалап, Ирандын ролу жөнүндө мындай дейт:
-Ирандын Ооганстанга таасири бар, өзгөчө, түндүк батышында. Муну тана албайбыз. Бирок Иран менен айрым проблемалар бар. Анын бири талиптерге байланыштуу. Ирандын кыска убак талиптерди колдоп, узак убакка колдобогонун тастыктаган далилдер бар. Бул оптимизмге негиз боло алат.
АКШнын демилгеси менен Иран Ооганстан боюнча марттын соңунда Гаагада өткөн эларалык жыйынга катышкан.
Ооганстандагы кырдаалды стбилдештирүү жана терроризмге каршы күрөшүү маселелси Иран, Пакистан жана Ооганстандын тышкы иштер министрлеринин майда болчу кездешүүсүндө да талкууланат. Мындай кездешүүнү үч жак мындан ары ай сайын өткөрүп
турмакчы.
Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мотаки дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, Тегеран Ооганстандагы кырдаалды стбилдештирүүгө олуттуу дипломаттык жардам берүүгө даяр. Бирок, бул маселеде АКШ менен кызматташабы, аны али чечүүдө.
Ооганстанда азыр НАТО башындагы эл аралык жана АКШ күчтөрү болуп, 70 миңден ашуун чет элдик аскер бар. Президент Обама 27-мартта жарыялаган стратегия- Пакистан менен Ооганстандагы экстремисттердин базаларын жок кылууга багытталат. Ал үчүн Пентагон 2011-жылга чейин 134 миң Ооган аскерин жана 82 миң полициясын мыктылап машыктырып берет. Ооганстанга 20-августтагы президенттик шайлоого чейин дагы 21 миң жоокер жөнөтүлөт. Пакистанга келерки эки жылда 1 миллиард доллар жардам бермекчи.
Ооганстандагы кырдаалды стбилдештирүү жана терроризмге каршы күрөшүү маселелси Иран, Пакистан жана Ооганстандын тышкы иштер министрлеринин майда болчу кездешүүсүндө да талкууланат. Мындай кездешүүнү үч жак мындан ары ай сайын өткөрүп турмакчы.
Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мотаки дүйшөмбү күнү билдиргенге караганда, Тегеран Ооганстандагы кырдаалды стбилдештирүүгө олуттуу дипломаттык жардам берүүгө даяр. Бирок бул маселеде АКШ менен кызматташабы, аны али чечүүдө.
Ооганстанда азыр НАТО башындагы эларалык жана АКШ күчтөрү болуп, 70 миңден ашуун чет элдик аскер бар. Президент Обама 27-мартта жарыялаган стратегия - Пакистан менен Ооганстандагы экстремисттердин базаларын жок кылууга багытталат. Ал үчүн Пентагон 2011-жылга чейин 134 миң Ооган аскерин жана 82 миң полициясын мыктылап машыктырып берет. Ооганстанга 20-августагы президенттик шайлоого чейин дагы 21 миң жоокер жөнөтүлөт. Пакистанга келерки эки жылда 1 миллиард доллар жардам бермекчи.