Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Премьер-министр: Арал деңизинин кургап жатышына Кыргызстандын күнөөлөнүшүн түшүнбөйм


“Биздин ушунча жылдан бери өзүбүздөн агып чыккан суунун өлчөмүн орто эсептен азайган жок. Бул убакытта суунун төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдө канча эгин талаалары пайда болду. Бир гектар жерге канча суу кетерин эсептеп чыкканда эле баары түшүнүктүү болот. Арал маселесине Кыргызстанды айыптоо деген – мына ушул фактылардын баарына көз жуумп коюу, деген менен барабар болуп атат. Эл аралык дагы, дүйнөлүк конвенцияда дагы айтылган: бардык өлкөлөр суунун баш жагында жайгашабы, төмөн жагында жайгашабы, сууну үнөмдүү пайдаланууга бирдей жооп берүүгө тийиш. Биз суу сактагычка топтолгон 19 млрд. куб метр суудан өзүбүзгө болгону 5 млрд. кубун гана керектеп, калганын бүт суунун төмөн жагында жайгашкан өлкөлөргө берип келатабыз. Кантип анан Кыргызстанды Аралды кургатып атат, деп күнөөлөгө болот?,” деген сөзүн айтты премьер-министр. Анын айтуусунда жаңы курулуп жаткан суу сактагыч (Камбар-Ата-1 ГЭСи -ред) тууралуу долбоор Ташкендин өзүнөн сунушталып, 1990-жылдары аягына чыккан. Бул долбоор тескерисинче Нарын суусунун кыш-жаз мезгилдериндеги агымын жөнгө салууга жардам берет. “Бул биздин расмий көз карашыбыз, пикирибиз. Бул долбоор ишке ашуусу керек, ишке ашат. Биз кызматташууга даярбыз. Биз коңшуларга cуу сактагыч (Камбар-Ата-1 ГЭСи-ред) курууга көмөктөшүүгө, чогуу курууга эгемендик алгандан бери айтып, сунуштап келдик. Сүйлөшүүлөр болуп атты, бирок эч кандай жылыш болгон жок. Биринчилерден болуп Орусия макул болду, эми биз эмнеге андан баш тартышыбыз керек?” –дейт Игорь Чудинов.(ZKo)

XS
SM
MD
LG