Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Жалпы республикалык тест быйыл да уланат


Бул туурасында “Азаттыкка” билим берүү министри Абдылда Мусаев билдирди. Анын айтуусунда, азыр окуу жайга тапшыруу сыноосунун формасы, ыкмалары боюнча талаш-тартыштар көп. Учурда жалпы республикалык тестти алмаштырыш үчүн, андан да мыкты билим баалоо формасын иштеп чыгуу керек. “Азыр миңдеген жаштарды эксперименттен өткөрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан быйыл тестти калтырдык. Бүгүнкү күндө окууга тапшыруу сыноосун жакшыртуу маселеси каралып жатат. Кийинки жыл туурасында айта турган болсок, биз жаңы билим баалоо системасынын механизмдерин иштеп чыгуу үчүн кеңири талкууларды жүргүзүп, салмактап көрүшүбүз керек”,- дейт министр. Министрдин маалыматы боюнча, буга чейин айтылып келген жалпы мамлекеттик экзамендер боюнча азыр Россияда жана Казакстанда эксперименттер жүргүзүлүп жатат.(AzK)

XS
SM
MD
LG