Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Пакистан Лахордогу кол салуу үчүн шектүүлөрдү суракка алып жатат


Суракка төрт адам, анын ичинде бир ооган алынууда. Алар Лахордо полиция академиясынын машыгуу борборуна кол салган учурда кармалгандар. Лахор шаарындагы полиция академиясына ок атуучу курал, гранаталары бар жана жанкечтинин бешмантын кийген адамдардын тобу кечээ кол салган эле. Коопсуздук күчтөр кол салынган жайга көзөмөл орнотуу үчүн куралчандар менен сегиз саатка жакын атышты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, атышуудан кеминде 12 адам, анын ичинде 8 полицей, 4 согушкер каза тапты, 90го жакын полицей жаракат алды. Кол салгандардын кеминде үчөөсү өзүн-өзү жардырып жиберген.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, иликтөө иштери кол салгандар талибдер менен байланышы бар экенин ишара кылууда. Британ тышкы иштер министри Девид Милибэнд кол салууну айыптап, бул Пакистан кыянатчыл экстремизмдин коркунучуна туш келип турганын дагы бир жолу эске салган окуя экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG