АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн (6-мартта) Евробиримдиктин жогорку даражалуу аткаминерлери менен жолугушуу өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөр маалында эки тараптуу мамилелер, 5-апрелде президент Барак Обама менен Евробиримдиктин лидерлеринин Прага шаарында өтө турган жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна байланыштуу маселелер козголот. Клинтон айым бүгүн алгачкы ирээт Европарламенттин төрагасы Ганс-Герт Поттеринг менен жолугушту. Ушул эле күнү Хиллари Клинтон Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча координатору Хавиер Солана жана Биримдиктин учурдагы төрагасы Чехиянын тышкы иштер министри Карел Шварценберг менен сүйлөшүү жүргүзөөрү алдын-ала белгиленген.