Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

АКШнын Мамкачысы Пакистан, Ооганстан ТИМдери менен жолугат


АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Пакистан жана Ооганстан Тышкы иштер министрлери менен ушул аптада Вашингтондо жолугушат. Жолугушууда АКШнын Ооганстан жана Пакистан аймагындагы саясаты тууралуу сөз болмокчу. Мамлекеттик департаменттин билдиргени боюнча, Х.Клинтон Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен бүгүн жолугушмакчы. Ал эми Ооганстандын тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта менен Клинтон айым 26-февралда (бейшембиде) сүйлөшүү жүргүзмөкчү. Ошондой эле бул үч дипломат чогуу отуруп сүйлөшөөрү да айтылууда. Вашингтондогу мындай жолугушуулар, өткөн аптада Ооганстанга кошумча 17 000 аскер жиберүү чечими кабыл алынгандан кийин жасалууда.

XS
SM
MD
LG