Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Социал-демократтар Конституциялык сотко арыз берүүгө камданууда


Бул тууралуу партиянын юристти Галина Скрипкина “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Конституциялык сотко арызды даярдоо ушул жумада соңуна чыгат. Мына ошондон кийин арыз тапшырылат. Социал-демократтар президенттик шайлоо быйылкы жылы октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшүн талап кылышууда. Партиянын лидерлеринин айтымында, Курманбек Бакиев 2003-жылкы Конституция менен президенттикке шайланган. Ал боюнча шайлоо быйыл октябрь айында өтүүгө тийиш. Президент Курманбек Бакиев 11-февралда өткөргөн маалымат жыйынында кезектеги президенттик шайлоонун мөөнөтүн Конституциялык сот аныктоого тийиш деген пикирин билдирген эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG