Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

Хуго Чавез түбөлүк президент болуу тилегине жеткени турат


Венесуэланын президенти Хуго Чавез ушул жекшембидеги референдумда президенттик кызмат мөөнөтүнө коюлган чектөөнү алып салынат деп үмүттөнүүдө. Бүгүн саясий оппозицияда ынтымак жок болгондуктан, Хавес акыры түбөлүк президент болуу тилегине жеткени калды.

Каракас шаарында жакында "Жок деген жок дегенди билдирет" деген ураан астында 2007-жылы четке кагылган сунуштун кайра референдумга коюлушуна каршы чоң демонстрация өттү. Бирок Чавез "жок" дегенди уккусу да келген жок.

"Биз өткөн жолу шайлоо дареметибизди туура эмес эсептептирбиз. Бүгүн биздин партия бирдиктүү күч болуп калды", - деп айтты президенттин медиа кеңешчиси Бланка Экхоут.

Чавез референдумда бардык шайланма кызматкерлер менен катар өзү да бир эле кызматка чектөөсүз кайра шайланууга колдоо алууну көздөөдө. Учурда конституцияда президент болуп бир киши эки жолу гана шайлана алат деп жазылган.

Чавез мамлекет башында 10 жылдан бери отурат. Бирок ал 26 миллион калкы бар, мунайга бай латын америкалык өлкөдө "социалисттик төңкөрүштү аягына чыгаруу үчүн дагы убакыт керек" деп айтууда.

Ушул аптанын соңундагы референдумда Чавез бул көздөгөнүнө жеткени турат. Каракастан келип жаткан кабарларга караганда, өткөн аптада өкмөттүк үгүт-насаат машинасы тыным албай иштеди. Метролордо үн күчөткүчтөрдөн Чавести колдогон ураандар жаңырып, министрлер интернет сайттарында референдум тууралуу маалыматтарды утур-утур жарыялашты. Мамлекеттин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттарында бул тема кеңири чагылдырылды.

Венесуэладагы көз карандысыз эң ири сурамжылоо компаниясы болгон Дата-аналисиздин январ айындагы иликтөөсүнө караганда, калктын 51 пайызы Конституцияны өзгөртүүнү колдойт, ал эми 48 пайызы буга каршы добуш бериши мүмкүн.

Чавез 2007-жылдагы референдумда жеңилип калгандан кийин, 2012-жылы кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин да бийликте калуу аракетинен баш тартпай тургандыгын эскерткен:

– Мен атаандаштарымды жеңиши менен куттуктайм. Бирок биз күжүрмөн күрөш үчүн жаралганбыз. Бул убактылуу утулуш.

Чавести элеттеги жакыр аймактардын жана шаарлардын жака-белдериндеги жарды оодандардын шайлоочулары колдойт деп күтүлүүдө. Бирок Зулия өңдөнгөн өнүккөн штаттарда, ошондой эле өлкөнүн ишкердүүлүк борбору болгон Карабободо анын таасири төмөн.

Чавестин он жылдан берки бийлигине жумушчулардын арасында да нааразылык бир топ. Алардын кыйласы президент убада кылган кой үстүндө торгой жумурткалаган турмушка жете элек. Бирок салаттыкты сактоо, бекер билим берүү жана жаңы турак-жай тармагындагы жаңылануудан тирдигип, турмушу оңолгондор да болду.

Жекшембидеги добуш берүүдө көздөгөнүнө жетүү үчүн Чавез колдон келген бардык чараларды колдонуп жаткан шекилдүү. Мамлекеттик машинага туруштук берүүгө чачыранды оппозициянын чама-чаркы чакталуу.

Референдумга байланыштуу зордукчул иштер катталды. Оппозициядагы башкы "Демократиялык аракет" партиясынын Каракастагы баш-кеңсесине граната, өкмөттүн оппоненттерине тийешелүү болгон имараттарга көздөн жаш чыгаруучу газ толтурулган шишелер ыргытылды.

Ал эми мамлекеттик ВТВ каналында оппозициячыл партияларга болгон күмөн саноону күчөткөн материалды көрсөтүштү. Тасмада Христиан демократтардын, "Акыйкаттык Биринчи" жана "Жаңы Доор" партияларынын өкүлдөрү АКШга караган Пуэрто-Рикодон жеке менчик учак менен кайтып келатканы тартылыптыр. Телеберүүдө алар Пуэрто Рикодо референдумда терс жооп алуу өнөктүгүн өткөрүүнү жана аны финансылоону америкалык расмий өкүлдөр менен талкуулаганы айтылды.

Көз карандысыз булактардан бышыкталбаган бул окуяга байланыштуу, Венесуэланын иштерине АКШнын таасири канчалык деген суроонун айланасында кеңири талкуу жүрүүдө. Мындай талкуу учурда Чавезге айрыкча керек болуп турат, анткени соңку кездери ал такай доомат арткан АКШда жаңы президент Барак Обама эки тараптуу алакаларды жакшыртуу үчүн сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш эткен.

XS
SM
MD
LG