“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча буга өлкөдөгү энергетикалык кризис алып келүүсү мүмкүн. “Тагыраак айтканда кыргыз өкмөтү 1-ноябрдан тарта электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулат, деп убада берип, аны аткара албай атканы элдин сабырдуулугун жеткен чегине жеткирет. Айткан сөзү кылган ишине шайкеш келбесе, бийликке кыжырданган эл оппозициянын артынан ээрчип кетүүсү толук ыктымал,” деп белгилейт укук коргоочу. Анын айтуусунда буга чейин мамлекеттеги энергетикалык кырдаалга түшүнүүчүлүк менен мамиле кылып келген эл - бийликтин мындай утурумдук алдоосуна чыдай албашы мүмкүн.
Декабрь айынын орто ченинде жалпы өлкө боюнча массалык нааразылык иш-чаралар баштай тургандыгын буга чейин “Эрк” партиясы маалымдаган. Андан тышкары “Бакиевди бийликтен кетирүү” революциялык кыймылы бийликти конституциялык жол менен алмаштырууга мезгил жеткендигин айтып келе жатат.(ZKo)