Бүгүнкү отурумунда Бишкек шаар кеңешинин депутаттары бири-бири менен таанышуу иштерин жүргүзүп, шаар кеңешинин төрагасын шайлашат. Мындан тышкары алгачкы карала турган маселелер талкууга алынып, күн тартибине бекитилери айтылууда. 5-октябрда болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкектеги 11 шайлоо аймагынан 44 депутат шайланып келишкен. Айрым саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар жергиликтүү кеңештерге шайлоону мыйзам бузуулар менен өттү деп белгилешүүдө.(ZKo)