Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:33

БАРСКООН: АЛТЫН АЙЫНАН АРАЗДАШКАНДАР АРБЫДЫ


Рита Нурманбет кызы, Ысык-Көл Ысык-Көлдүн Барскоон айылындагы “Карек” бейөкмөт уюму менен “Кумтөр” кенинде иштеген айылдыктардын ортосунда пикир келишпестиктер ырбап, жергиликтүү эл экиге бөлүнгөнү айтылууда. “Азаттыкка” кайрылган демилгелүү топ башы Абдыкалый Чолпонкулов буга бейөкмөт уюмдун төрайымы Эркингүл Иманкожоева менен анын эжеси Бактыгүлдү күнөөлөп атат. Бирок Эркингүл Иманкожоева мындай кинени четке кагып, Чолпонкуловдун “Кумтөргө” сатылып кеткенин айтууда.

Канадалык алтын казуучулардын цианидинен ууланган 5 айылдын элине 4 млн. доллар компенсация өндүрүп берген демилгелүү топ акчанын айынан урушуп кетиптир деген сөз тараганына 2 жылга аяк басты. “Карек” бейөкмөт уюму Барскоон айылына ар кандай атуулдук форум же митинг өткөргөндө баягы 2005-2006-жылдагыдай эл да, тикесинен тик турган демилгелүү топтогулар да көрүнбөй кеткен. Мунун себебин эл ар кандай жоруп атат.

Мисалы, Барскоон, Тамга, Кичи жана Чоң Жаргылчак айылдарынан сураштырганыбызда, айрымдары “Карек” бейөкмөт уюму болбогондо Барскоон таредиясынын бети ачылбай, кумтөр кенинен 1 тыйын да өндүрүлмөк эмес дешсе, бир даары, бейөкмөт уюму акча жегенин айтып чыгышты:

-Биз 7,8 миң сомдон алганыбызда өзүбүз эле жол киреге деп 100 сомдон бергенбиз. Айыл экиге бөлүнбөй эле Иманкожоевалар жакшы иштеп атат. Алар ар бирибизге 20 миңден ашык акча алып бербедиби, ошол боюнча эле калмакпыс да. Эми дагы кийинки траншын алабыз. Эмне, жаманбы?

Ал эми демилгелүү топ башы Абдыкалый Чолпонкулов - пикир келишпестик – ушул 100 сомдон жана “Кумтөрдү” улутташтыруу идеясынан улам келип чыкканын чечмеледи.

- Биз элге компенсация өндүрүп бергенде ишти, адам укугун коргоону бирге алып барганбыз. Элдин 10 күндөп пикетте турганы, коопсуздугу менин мойнумда болгон. Анда Эркингүлдөр Бишкектеги чоңдор менен сүйлөшүүгө жоопкер болуп, көбүнчө ошол жакта жүрчү. Анан эле Тосор айылына барып айтыптыр, силер берген 100 сомду Абдыкалыйга да берип атабыз деп. Бул калп. Экинчиси, Малиев менен Иманкожоеванын Кумтөр кенин улутташтырабыз дегенине мен каршы чыкканмын. Ошондон ырк кетти.

Бирок Абдыкалый Чолпонкуловдун бул айткандарын караманча жокко чыгарган “Карек” бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева бир кездеги патриот жигит кийин Кумтөр кенине сатылып кеткендиктен бирге иштөө мүмкүн эместигин айтты.

- Кумтөр кени Абдыкалыйды демилгеүү топ башы катары сатып алып, карек уюмуна каршы иштеп берсек жумушка алабыз, деп келишим түзөт. Ал жумушка алынганда дагы балдарды аларга ээрчитет. “Кумтөрдүн” эл менен иштөө боюнча адиси бар Шатманов Керим деген, ошол айылдан балдарына алдап суусундук, акча берип алдайт. Менде сүрөт-видеолору бар.

Укук коргоочу андан аркы сөзүндө Канада компаниясы “эл айкын деген фонд ача коюп, элди бири бирине тукуруп атат,-деп кошумчалады.

- Канадалыктар бул саясаты үчүн жооп бериш керек. Алар өзүбүздүн алтындын өзүбүзгө тиешелүү акчаларын өзүбүзгө садага кылып эле берип атат, ошону жанагыдай аларга сатылгандар түшүнбөй атат.

Эркингүл Иманкожоеванын бул айткандарына негиз жок экенин белгилеген “Эл айкын” коомдук фондусунун өкүлү Абдыкалый Чолпонкулов - анын эжеси Бактыгүл Иманкожоева – “Кумтөр” ачып берген дарт даба изилдөөчү борбордун кызматкерлеринин эмгек акысынан 80 миң сом кармап калганын каяша кылды.

XS
SM
MD
LG