Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

Аба ырайы: жаан жаайт


7-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарында жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 гралус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG