Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

“КУМТӨРДӨН” ТҮШКӨН ПАЙДА КАЛКТЫ АЛЫМСЫНДЫРБАЙТ


Мындан он жыл мурда Барскоон дарыясына төгүлгөн цианидден ууланган Жетиөгүз районунун беш айылынын жашоочуларына эми Ысыккөлдүн күңгөй тарабындагылар жана Талас облусунун эли да тилектештик билдирүүдө. Чолпоната шаарында 13-май күнү өткөн талкууга тиешелүү адистер “Кумтөр кенинен, ошондой эле райондук бийлик өкүлдөрү чакырылды.

Ысыккөл райондук Кеңешинин депутаты Памир Жээнтаев 1998-жылы Жогорку Кеңеште иштеп жүргөндө Барскоон кырсыгы боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгондуктан “Кумтөр” кенинин казуу технологиясынын калпыстыктарын ачыктады:

- Муз болуп турган жерге пленка төшөлгөн эмес. Кокустан бир балакет болуп ошол жерден муз жарылып, же муз ээрип кетсе, анда Нарын, Фергана өрөөнүн бүт талкалайбыз,- деди Памир Жээнтаев.

Памир Жээнтаев 2007-жылы Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн алтын өндүрүүчүлөрдүн кеңешмесинде “Кумтөр” Кыргызстандан 2 млрд. доллар киреше тапканы боюнча расмий жарыяланган далилдерди кошумчалады:

- Бул жерде кол коюлган, акыркысы 2006-жылдын 24-февралында оңдолгон. Ошол 5 пайызды эсептесеңер 2 миллиарддан 100 миллион долларды Ысыккөл облусуна төлөшмөк.

Памир Жээнтаевдин акча каражаты жөнүндөгү суроосуна “Кумтөр” алтын ишканасы тараптан эч ким жооп бере алган жок. Ал эми экологиялык коопсуздук боюнча “Кумтөрдүн” башкы адиси Эрик Кожомкулов буларды айтты:

- Иштеп аткан жердин астында эки жарым миң тонна цианид жүрөт. Ал жерде 12 жылдан бери эл иштеп атат. Ден-соолуктары сонун.

Барскоон трагедиясы жөнүндөгү “Карек” бейөкмөт уюму көрсөткөн кинотасмадан соң таластыктарда дагы “Андаш”, “Жерүй” алтын кендерин ачууга каршылык күчөп жатканын “Элназ” өкмөттүк эмес уюмунун өкүлү Марат Иманбеков билдирди:

- Таласта алтынды али баштап каза элек. Ошондо дагы акча социалдык-экономиканы оңдоого деп бөлүнсө, ал кредит болуп, баягы эле айыл өкмөттүн жакын туугандары, акимдин бөлөлөрүнө эле кетип атат.

Бирок Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Шадыканов, Жетиөгүз райондук акиминин орунбасары Канат Субатаев, өкмөттүк эмес уюмдар менен саясатчылар Барскоон окуясын саясий куралга айландырып алды деп, “Кумтөрдүн” пайдасына токтолду.

“Кумтөрдүн” Кыргызстанга бересеси, же алардын койгон шарттары боюнча эки тарап орток пикирге келалбагандыктан “Центера голдду” жокко чыгаруу сунушун Илимдер академиясынын биринчи вице-президенти Шергазы Мамбетов билдирди:

- “Центерраны” жоюш керек. Мурунку башкы макулдукту узартыш керек, управление биз жака өтүш керек, - деди техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов.

Ал эми өкмөттүк комиссия 13-майда «Кумтөр» ишканасында болгондо Кыргызстан тарап койгон талаптар аткарылбаганын Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков ырастады:

- Кыргызстандан директорлор кеңешине 3 мүчө болсун. Эгер Кыргызстанга пайдасы жок чечимдерди силер кабыл алып атсаңар, Кыргызстандын мүчөлөрү вето койгондой болсун. Убада берип кетишкени менен аны карап да коюшпайт.

Депутат Исабековдун айтуусунда, Сарытөр, Түндүкбатыш жана Кумтөр аянты делген үч лицензияны Канада тендерсиз 900 гана сомго сатып алып, алтын казып аткан. Аны Танаевдин келишими менен кошо Жогорку Сот жокко чыгарды. Кыргызстан тарап акционер катары пайызы Атамбаев убагындагыдай 30 эмес, 40ка көтөрүлсүн жана салыктан жашырган бир миллиард сом жаңы келишимге чейин төлөнсүн делген талаптарды койду.

XS
SM
MD
LG