Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

15:18 “Ататүрктүн” жанындагы курулуштар боюнча ишти Жогорку сот район аралык сотко жолдоду


Жогорку соттун экономикалык бөлүмүнөн билдиришкендей аталган гүлбактын жанындагы курулуп жаткан үйлөр боюнча Жогорку сот алгачкы соттордун чечимин жокко чыгарып, Бишкек район аралык сотуна жаңы жагдайда кайрадан карап чыгууга жолдоду. Буга чейин Октябрь райондук акимиаты “Ататүрк” гүлбагынын жанындагы мыйзамсыз берилген жер участокторунун токтомдорун жокко чыгаруу тууралуу райсотко доо арыз менен кайрылган. Октябрь райсоту акимиаттын пайдасына чечкен. Жаңы курулган үйлөрдүн ээлери Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз жолдоп, шаар соту райсоттун чечимин жокко чыгарган. Эскерте кетүүчү жагдай мэр Данияр Үсөнов өткөн аптада “Ататүрк” гүлбагынын жанында мыйзамсыз үй курушкан мурдагы кийинки атка минерлердин 123нүн аты-жөнүн коомчулукка жарыялаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG