Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

КЫРГЫЗСТАН ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КРИЗИСКЕ ТУШУКТУБУ?


Ушул жумадан тарта Кыргызстан электр кубатын берүүнү чектөөгө өттү. Бул Токтогул --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/03/D42662B5-6039-43A4-A15B-1D194B429AC7.asp ГЭСиндеги суунун көлөмү кескин азайып кетишине байланыштырылууда. Адистердин айтымында, эгер азыртан шашылыш чара көрүлбөсө алдыдагы кыш өлкө үчүн бир топ кыйын болуп, азыркыдай абал улана берсе а түгүл агрегаттар тегеренбей, ГЭСтин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары боюнча министрликтин маалыматы боюнча учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард куб метрге түштү. Бул деген кризистик абалга барабар. Суунун азайышына кышкы катуу суукта электр кубатынын көп сарпталышы себеп болуп, төрт ай ичинде эле суунун деңгээли 30 метрдей түшкөн. Суунун мынчалык азайышы өлкөнүн алдыдагы кышка даярдыгына чоң коркунуч туудуруп жатканын, ошондуктан быйыл Кыргызстан кошуна Казакстан менен Өзбекстанга алар каалаган өлчөмдөгү сууну бере албастыгын энергетика министри Сапарбек Балкыбеков өткөн жумадагы бир жыйында айткан эле:

- Анан да бул жалгыз эле Кыргызстандын башоорусу эмес. Суунун аздыгынан сугат маалы келгенде коңшуларга керек болчу өлчөмдү бере албайбыз. Азыр бизде коңшуларга сураган сугат сууну толук бере алабыз деген ишенич жок. Май айынан сентябрга чейин алар каалаган көлөмүндө сууну ала алышпайт.

Ошол эле учурда энергетика боюнча адистер суунун азайышы мурдагы жылдары эле байкалганын, бирок учурунда тиешелүү чаралар көрүлбөгөнүн айтышууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тайырбек Сарпашев азыркыдай абалдын пайда болушун өткөн эки жыл ичинде кошуна Өзбекстан менен Казакстанга суу жана электр кубаты көп кетип калганынан көрөт:

- Менин байкашымча, 2006-2007-жылдары Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк суу менен электр кубаты кетип калды. Улам-улам алмашып атып өкмөт муну байкабай деле калды. Экинчиден, пландаштырылбаган иш болуп, энергетикада ар ким өз билгенин жасай берди. Эми эмне кылыш керек? Биринчиден, абдан сарамжал пайдаланып, быйыл жайы менен Өзбекстан, Казакстанга экспортту токтотуш керек. Болбосо, кийинки кыш бизге абдан татаал болот.

Суу-энергетика маселелери боюнча эксперт Базарбай Мамбетов да былтыр бийлик энергетикалык абалды туура эмес баамдап койгонун айтат:

- Биздин энергетиктер ушундай кырдаалга келээрибизди билип туруп, былтыр жайында туура эмес баа берип койгон да. 2007-жылы жайында Өзбекстан менен Казакстанга 2 млрд. киловатт саат электр кубатын сатканбыз. Бул 3,5-4 млрд. куб сууга тете. Эгер аны сатпай койгонубузда азыр ошончо суу кармалып турмак. Мен бийлик энергетикалык кырдаалды туура эмес баамдап ушундай иш кылган деген жыйынтыкка келдим.

Базарбай Мамбетов ошондой эле Кыргызстан мындай суу аз болчу убакытка кириптер болгонуна быйыл төртүнчү жыл кетип жатканын да кошумчалады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, энергетика тармагы боюнча адис Райымбек Мамыров болсо өкмөт азыркыдай чектөөлөрдү былтыр ушул маалда киргизсе туура болмоктугун, бирок эми да шашылыш чаралар көрүлбөсө алдыда кыйын кыш күтөөрүн белгилейт:

- Аракет кылбасак кышында электр кубаты жетпей, быйыл Тажикстан кабылган абалдан да жаман абал болушу мүмкүн. Ошондуктан кышка даярдыкты азыртадан башташ керек. Жылдагыдай экспортко көп бере албасак да, экспортко кеткен электр кубатын өзүбүзгө керектүү баада сатып, кышка отун, газдын акчасын камдашыбыз керек. Андай чаралар көрүлбөсө кыйын болот.

Адистердин айтымында, эгер Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5 жарым миллиард кубга чейин түшө турган болсо, анда ГЭСтеги агрегаттар, генераторлор иштебей калып, а түгүл иштен чыгып калышы да мүмкүн. Ал эми аларды кайра калыбына келтирүү азыркыдай шартта өлкө үчүн өтө кымбатка турат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG