Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Т.ИСМАИЛОВА: “ДАНИЯР ҮСӨНОВДОЙ ЧИНОВНИК ЭКИ ЖЫЛДАЙ ТҮРМӨДӨ ОЛТУРУШУ КЕРЕК!”


“Бул жолку шайлоо өнөктүгүндө буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлде административдик ресурс колдонулуп жатат”. Мындай пикирин бүгүн “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Ал жетектеген уюм шайлоого үгүт өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүдө. Анын алгачкы жыйынтыктары бүгүн белгилүү болду.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында, ал жетектеген “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнөвду жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратурага кайрылды.

- Бул жолку шайлоонун алдынан кысым аябай күчтүү болду. Мырза Д.Үсөнөв шайлоонун алдынан эркин митингдерди өткөрүүгө чектөөлөрдү киргизүү боюнча демилге көтөрүп, аны кийин Бишкек шаардык Кеңеши кабыл алды. Буга чейин Конституциялык сот жарандар эркин жыйналууга укуктуу экенин ырастаган. Демек, Данияр Үсөнөв Конституциялык соттун чечимин аткарбаганы үчүн Кылмыш Кодексинин 338-беренесине ылайык жоопко тартылышы керек деп, биз прокуратурага кайрылдык. Мындай чиновник эки жылга чейин түрмөгө олтурушу керек.

Төлөйкан Исмаилова бул жолку шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө байкаган негизги кемчиликтердин бири ушул. Дагы бири – шайлоонун алдынан башкаруучулук кызматтарга кадрлардын алмаштырылганы болду.

- Кадрдык чоң дайындоолор болду. Билесиздер, Акаевдин учурунда “менеджер” болгон И.Болжурова айым кайра Билим берүү министрлигине келип, кайра “менеджерлигин” улантып жатат. Мындан сырткары, Ош, Жалалабад облусунун губернаторлору да шайлоонун алдынан дайындалышты. Бул дегени – шайлоодо административдик ресурсту колдонуу үчүн аракет болду дегенди билдирет.

Административдик ресурс тууралуу Төлөйкан Исмаилова көп эле жолу кайталады. Анын ишениминде, бийлик колундагы аталган ресурс, буга чейинки шайлоолорго караганда, алда канча катуу колдонулуп жатат.

- Соттор да, милиция да, Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитет да, - баары азыр Ак Үйдү карап, эмне десе, ошону аткарып жатышат. Мыйзам иштебей калды. Бул жолку шайлоо өнөктүгү ошонусу менен айырмаланат. Ошто мамлекеттик университеттеги студенттердин паспортторундагы маалыматтын баарын жазып алышкан. Алар андай кысымга баш ийбейбиз десе, айрым окутуучуларды жумуштан алууга чейин да сөз болуп жатат. Бул жалгыз эле Ошто эмес, Ысыккөлдө, Таласта жана Нарында да колдонулду, - дейт Төлөйкан Исмаилова.

Бирок азыр бийлик толугу менен бир партияга иштеп жатат деп айтылган президенттик “Акжол” партиясынын маалымат-катчысы Авланбек Жумабеков партиянын атына айтылып жаткан сындарды четке какты.

- Биз административдик ресурсту таза колдонгон жокпуз. Бизде үгүт иштерин жүргүзүү алдын ала пландаштырылган. Булар (оппозициялык партиялар) өздөрүнүн үгүт иштерин жакшы уюштура албай, чатакты өздөрүнүн пиарына айланыдып жатышат. Бирок биз аларга жооп бербейбиз, алар менен айтышпайбыз. Алар өздөрүнүн ыкмасы менен үгүт жүргүзүп жатышат, - дейт Авланбек Жумабеков.

Акыркы айларда Кыргызстанда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүп келген Төлөйкан Исмаилова абалды өзгөртсө, азыр бир гана президент өзгөртө алат деп ишенет, анткени “мыйзам чыгаруу бийлигинин да, өкмөттүн да милдети азыр бир гана адамдын – президенттин колунда”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого үгүт иштеринин акыркы жумалыгында, ошентип, укук коргоочулар массалык кысмактоолор, коркутуп-үркүтүүлөр, административдик ресурстун эбегейсиз колдонулуп жатышы, региондордо шайлоо комиссиялары жана жергиликтүү бийликтер тарабынан баардык партияларга бирдей мамиленин жоктугу жана акыйкатсыз сот чечимдери тууралуу көп айтышууда. Өз кезегинде, расмий бийлик андай сындарга макул эмес.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG