Фараондун мумиясына оролгон болотнай Тутанхамондум тулку боюн жаап, анын буттары гана ачык калган. Сырдуу өлүмү менен кылымдар бою миллиондогон адамдарды өзүнө тартып келген фараондун мумиясы эми бардык туристтер көрө ала турган атайын бөлмөгө сакталды. Ал жердеги абанын температурасы дайыма окумуштуулардын көзөмөлү астында болмокчу.
– Мен мумия айланадагы адамдардын ден-соолугу үчүн коопсуз болгонуна кепилдик берем жана ал абдан жакшы сакталган деп айта алам”,- -дейт Египеттин Байыркы буюмдарды сактоо мекемесинин жетекчиси Захи Хаввас. Анын айтымында, бардык туристтерге Тутанхамондун мумиясын көрүү мүмкүнчүлүгү ачылды.
Мындан эки жыл мурун окумуштуулар бүлүнө баштаган мумияны калыбына келтирүүгө аракет жасаган. Анткени Тутанхамондун тулкусунун 18 бөлүгү ажырап кеткени аныкталган. Тутанхамондун мумиясын биринчи болуп 85 жыл мурун британиялык археолог Говард Картер тапкан.
Тутанхамондун мумиясы сакталган мүрзөдө укмуштуудай баалуу таштар табылган. Тарыхка таянсак, ал эң күчтүү фараон болгон эмес, бирок анын мүрзөсүндө табылган байлыктар, сырдуу каргыштар тууралуу ушак-айыңдар, бул тема тууралуу тартылган бир нече даректүү тасмалар жана басып чыгарылган китептер Тутанхамонду эң белгилүү фараонго айландырды. Тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрканов Тутанхамондун тарыхтагы ордуна токтолуп жатып, “Азаттык” үналгысына буларды маалымдады:
– Өткөөл доордо бийликке келген фараондордун бири болуп эсептелет. Тутанхамондун алдында Эхнатон деген фараон болгон. Фараон Эхнатон бир катар реформаларды жүргүзгөн. Мамлекеттеги тынччылыкты, саясий стабилдүүлүктү камсыз кылыш үчүн Тутанхамон Эхнатондун реформаларына өзгөртүүлөрдү киргизген.
Археологдор буга чейин бир нече жолу Тутанхамондун өлүмүнүн себебин иликтеп, фараон кантип өлгөндүгүн билүүгө аракет жасаган. 2005-жылы окумуштуулардын изилдөөсүнүн натыйжасында, Тутанхамон биздин кылымга чейин 1323-жылы 19 жашында өлгөнү маалым болгон. Изилдөөлөргө ылайык, Тутанхамон сол бутун кокустатып алып, натыйжада жара ириңдеп кетип, ошондон улам фараон жан бергени аныкталган.
Тутанхамондун мумиясын жалпы коомчулукка көрсөтүү – бул эң жакшы акыл деп эсептейт тарыхчы Токторбек Өмүрканов:
– Тарых өзү социалдык функцияны аткарган илим да. Тарыхтын тарбиялык мааниси зор. Коомдук аң-сезимдин өнүгүшүндө Тутанхамондун мумиясынын ачылышы ошол байыркы цивилизацияны жараткан чыгыш элдерине болгон дүйнөлүк кызыгууну арттырат, жалпы эле тарых илимине болгон кызыгууну жаратат.