Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

ЖАЛАЛАБАТ: ЧЕКТЕШ АЙЫЛДАР ЖАРЫК ҮЧҮН ӨЗБЕКСТАНГА КӨЗ КАРАНДЫ


Жалалабат облусунун чек арадагы бир нече айыл кыштактары электр жарыгын Өзбекстандагы коңшулаш кыштактардан алышат. Алар электр жарыгынан тышкары эгин жана ичеер суулары менен жол жагынан да кошуна мамлекетке көз каранды болуп келатат. Коңшу мамлекет электр жарыгын каалаган маалда өчүрүп коет. Ошондуктан кыргыз айылдары таза сууга муктаж болуп, анын айынан ооруга туш болууда. Аргасыздан көчүп кетип жаткандары да аз эмес. Облбийликтин түшүндүрмөсүндө чек ара кыштактарын жарык менен камсыз кылууга жергиликтүү бийликте каражат жок.

Өзбекстан менен миң чакырымдан ашык жерде чектешкен облустун Алабука, Аксы, Ноокен, Сузак райондорунун бир нече кыштактары электр жарыгын коңшу мамлекеттен алат. Бирок чектеш өлкөнүн тармак кызматтары жарыкты каалаган маалда өчүрүп коюшат. Жарыктын тартыштыгынан Аксы районундагы Аблетим айыл өкмөтүнө караштуу Дейрес, Алабука районундагы Көкташ айылдарынын тургундары чегара айылынан акырындап көчүп кетүүгө аргасыз болууда. Дейрес кыштагындагы миңге чукул адам электр жарыгы гана эмес, эгин жана таза суу, жол жагынан да Өзбекстанга көз каранды. Айыл өкмөттүн башчысы Абдысалам Жумабековдун айтымында, Дейрестегилер сууну ташып, же сатып алып ичүүгө аргасыз болууда:

- Электр энергия Дейреске Үчкөргөн аркылуу келет. Ашкан жолубуз дагы аябай татаал. Элдин жашоо-турмушу Өзбекстанга көз каранды. Таза суу дагы проблема. Водовозго ар бир түтүн 500 сомдон берип, суу ташып ичебиз. Электр энергияны кышы-жайы каалагандай өчүрөт өзбек туугандар. Биз болсо ал жерге өтө албайбыз. Элдер тажаганынан көчүп атат.

Ушундай эле акыбал облустун Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу жарык менен Өзбекстандан камсыз болгон Чек аттуу кыштакта да өкүм сүрүүдө. Райондун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Бүргөндү жана Ношкен айылдарына жарык ошол өлкөдөн келгендиктен жарык өчүрүлгөндө таза суу чыкпай калат. Натыйжада аталган кыштактардын тургандары арык суусун пайдаланып, айрымдары түрдүү жугуштуу ооруларына чалдыгууда. Облустун санитардык эпидемия кызматынын башчысы Тыныбек Жоробаевдин белгилешинче, быйыл ичкелте дартына кабылгандардын басымдуу бөлүгү Бүргөндү айылынын жашоочулары болду:

- Бүргөндү айыл өкмөтүндө суу түтүктөрү жок, арыктан суу ичишет. Калктын 20 пайызы Өзбекстандан тартып келген суу түтүктөрүнөн ичишчү эле, аны дагы электр жарыгын кыркып коюп, азыр суу түтүктөрү иштебей турат.

Облуста Азия өнүктүрүү банкынын “Таза суу” долбоору боюнча быйыл 14 жерде суу чыгаруу иштери жүрүп жатат. Бирок Бүргөндү айылы 5 пайыздык зарыл каражаттарды толуктоо толбогондуктан аталган долбоорго кирбей калган. Облустагы айыл кыштактарда таза суу менен камсыз кылуу департаментинин координатору Ашым Чатаевдин жообуна караганда, аталган кыштак долбоорго эмки жылы кирүүсү ыктымал:

- Төлөм болгону 38 пайыз аткарылган. 793 миң сомдук беш пайыздык төлөмдү аткарыш керек болсо, булар болгону 309 миң сомдук гана акча чогултушкан.

Чегара кыштактарына электр жарыгын тартууга облустун күчү жетпейт. Аксы районундагы Дейрес кыштагын жарык менен камсыз кылууга 45 млн. сом зарыл. айылга жарык тартуу жагы Жогорку Кеңеште каралып, республикалык бюджетке киргизилип, каражат бөлүнгөндө гана ал маселе оң жагына чечилиши ыктымал деп эсептейт, облбийликтин өнөржай бөлүмүнүн башчысы Талант Мамасадыков:

- Жалалабатэнергонун бүгүнкү күндө 45 млн. сомдук ишти кылыш үчүн мүмкүнчүлүгү жок. Каражаттын жетишсиздигине байланыштуу болуп атат. жергиликтүү администрация мындай чоң каражатты таба албайт. Ошондуктан сөзсүз түрдө быйылкы жылга кирбесе дагы, 2008-жылкы бюджетти бекитип атканда кирип калса бул чечиле турган маселе.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG