Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

ЖАЛАЛАБАТ: САММИТ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР АР ТҮРДҮҮ


16-августта Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити тууралуу Жалалабат облусунун тургундарынын пикирлери ар түрдүү. Айрымдары саммит Кыргызстандын дүйнөгө андан ары таанылышына өбөлгө түзөт, инвестициялардын келүүсү күч алат дешсе, саммитке анча деле үмүт артпагандары да бар.

Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммити аркылуу Кыргызстанга дүйнө өлкөлөрү сереп салып турган кез. Саммит аркылуу республиканын дүйнөлүк кадыр-баркы жогорулайт. Анда экономикалык жана башка келишимдерге кол коюлса, чет элдик инвестициялардын келүүсүнө өбөлгө түзөт. Мамлекеттик кызмат боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Турусбек Токтосунов ШКУнун саммитине ишеним менен кароодо:

- Кыргызстандын келечегине, экономикабызга, тышкы инвестициянын келишине бул жакшы нерсе болуп эсептелет.

Саммитке чочулоо менен караган жарандар да жок эмес. Анда Орусия жана Кытай өңдүү улуу державалар Кыргызстанга "Манас" аба бекетинде турган америкалык аскер базасын чыгаруу тууралуу талаптарын кыйытып, басым жасоосу ыктымал. Шанхай кызматташтык уюмунун келечекте аскердик блокко айланып кетүүсү да коомчулукту тынчсыздантат. Андай болсо, дүйнөдө чоң мамлекеттердин өз ара каршылашуусу күч алат. Жөнөкөй жарандарга саясий-аскердик блоктор эмес, тынчтык керек. Саммитте Ооганстандагы тынчтыкка кепил болуп келаткан америкалык «Манас» аскер базасын өлкөдөн чыгаруу маселесинин козголушун Сузак районунан Ажар Корголдоева жактырбайт.

- Иран, Кытай, Россия балким дагы башка чоң мамлекеттер кошулуп алып, американын базасы Кыргызстанда тургандыгына эгер каршылык кылып, анан биздин элибизге кандайдыр бир коркунуч пайда болобу деген суроолор пайда болуп жатат. Алар машыгууларды жасап эле жатышат, ушул тууралуу биз көп эле коркуп жатабыз.

ШКУнун аскердик машыгуулары бийлик башындагыларды ар түрдүү ыңкылаптардан коргоо үчүн эмес, тынчтыкты сактап калуу жана террорчулукту жоюу мүдөөсү менен өтүүсү ылайыктуу. Жалалабат шаар тургуну Дилбар Бекназарова саммитке катышкан мамлекет башчыларын Батышка болгон реакциячыл көз караштарын оңдоого чакырды.

- Жетекчилерибиз Шанхай кызматташтыгынын саммитине туура көз караш менен карап, элди ойлоп, жакшы, туура саясат жүргүзсө, мен ойлом бул туура пайда алып келет. Терроризмге каршы күрөшүү керек. Союз таркагандан кийин солдаттарга, элди коргогон жоокерлерге анча көңүл бурулай калган.

Бирок, ШКУнун саммити экономикалык оор абалда турганына карабай, ири каражаттарды жумшап, чоң даярдык көргөн Кыргызстан үчүн пайда алып келээри күмөн. Саммит башка өлкөлөрдө өткөн мурдагы жыйындардай алты мамлекет башчысынын бир нече келишимдерге кол койгону менен катардагы жолугушуусу болуп калуусу да мүмкүн. “Эркиндик” партиясынын мүчөсү Жумгалбү Турдубекованын көз карашында аскердик машыгуулар социалдык максаттарга жумшалар каражаттарга зыян келтиргенден башка огожо болоор түрү жок:

- ШКУнун Кыргызстандагы өтүп жаткан саммити биздин Кыргызстан үчүн өтө чоң пайда алып келиши караңгы нерсе.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG