Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

ЖАЛАЛАБАТ: САММИТ АЛДЫНДАГЫ ШЕКТЕНҮҮЛӨР


Жалалабатта ШКУнун саммитинин алдында бир нече үйлөр тинтүүгө алынып, 4 киши убактылуу кармалгандан кийин кое берилди. Алар, "куралдуу кишилердин тинтүүсү коркутуп-үркүтүү менен коштолгонун, коопсуздук жана аскер адамдары үйлөрүнө жарылгыч заттар менен ок дарыларды атайылап таштап койгондугун" адам укугун коргоочуларга билдиришкен. Облустук бийликтин белгилешинче, текшерүүлөрдүн ШКУнун саммитине тиешеси жок жана коопсуздукту сактоо үчүн жүргүзүлгөн күндөлүк иш.

Улуттук коопсуздук кызматы менен аскерий адамдардын текшерүүсүндө шаардын четки айылдарынан төрт киши кармалып, кийин эки жакка кетпөө талабы менен бошотулган. Арасында чүмбөттөлгөндөрү бар куралчан 8 киши маңзаттарына каршы күрөшүү уюмунан экендигин айтышып, Матлюба Халмурзаеванын короосуна уруксатсыз кирип, күйөөсүн токмоктошкон. Атасына жан тарткан кыздарды кагып-силкишкен. Үйүн тинтүүгө алгандардын бири газ плитасына граната салып койгонун Матлюба көрүп турган:

- Аскерлердин бири «үйүңөрдү тинтебиз, Хизбутчулардын куралы болот, эгер кошунаңар чогулуп, каршылык кылса, спецназ чакырабыз деди. Бирөөсү газплитага граната салып койду да, шериктерин «Бери келгиле, мына бомба» деп чакырды. Анан сүрөткө тартып алышты. Өзүң салдың го дегенимди уккан жок. Күйөөмдү малканада урушту. Хизбут эмес, намазкөй күйөөмдү СНБга алып кетишти.

Анын кошунасы Абдулла Осмоновдун болжолунда атайын операциялар ШКУнун Бишкектеги саммитинин алдында терроризмге каршы иш болууда деген түр көрсөтүү үчүн жасалууда:

- Бул саясий оюн. Иш кылып атабыз, терроризмге каршы күрөшүп атабыз, аракетибиз бар деген ой менен кылып аткан иштер.

Адам укугун коргоочулардын маалыматында аскерлер Ахмаджан Каримбаевдин үйүн курчоого алып, тинтүү маалында жашыруун уюмдун диний адабияттары менен 6 патронду табышкан. Анын энеси ок-дарыны коопсуздук кызматкерлери таштаганын айткан.

Ахмаджанды «өзбекстандык шектүү адамдар менен байланышы бар деп күмөн санашып, убактылуу кармашкан. Кармоо себебин сураган атасын да коопсуздук мекемесинде дубалга каратып тургузуп коюшкан.

Алар “белгисиз террорчу болуусу ыктымал” деген шек менен Абдысамат Сатыбалдиевдин үйүндөгү көлөкөгө ок чыгарышкан. “Хизб-ут-тахрир” партиясына тиешеси бар деген киши ал ишмердүүлүгүн токтотконун айтканы менен анын үйүнөн гранатага окшош жалтыраган темир табышкан.

Мындай окуялар укук коргоочу Абдунзар Маматисламовдун иликтөөсүндө аныкталган. Анын айтымында газплита менен бочкадан жарылгыч заттардын табылышы күлкү келтире турган нерсе жана кармалгандардын экстремисттик уюмга катышы жок:

- “Хизб-ут-тахрир” партиясына тиешеси жок кишилер экен. Бирөөсүнүн үйүнөн чыгып атат газ плитанын духовкасынан. Ал өзүн-өзү жардырбайт да. Бул күлкүлүү. Айран саткан аял көргөн экен ошол жерде кээ бир кишилерди дубалга кадап койгонун. Ошону айтып атса, сен да түрмөгө отургуң келип турабы деп аны да коркутушкан.

Куралчандар күйөөсү Казакстанда жүргөн адамдын да аялын коопсуздук мекемесине алып барышып, суракка алышкан.

Улуттук коопсуздук кызматына нечен ирет кайрылуудан майнап чыкпады. Башкармалыктын күзөтчүлөрү жетекчилеринин дайынын айтуудан баш тарткандыктан жарылгыч заттар менен ок-дарыларга тиешелүү жооп алалбадым.

Обулустук бийликтин укук коргоо уюмдарын тейлеген бөлүм башчысынын орунбасары Муса Эргешов 8-августта гана коопсуздукту сактоо иш-чаралары күн сайын өткөрүлөрүн билдирип, жарылгыч заттарды коопсуздук кызматчылары койду деген айыптоолорду четке какты. Жүргүзүлгөн операциялардын ШКУнун саммити менен байланышы жок деди ал:

- ШКУнун алдында эле эмес аймактын коопсуздугу үчүн ар дайым мындай иштер жүрүш керек. Баракчалар бар. Курал колдонгондор же террористтер же экстремисттер, мамлекетке каршы турган адамдар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG