Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

10:00 Москвада Кыргыз маданият борборун жана соода үйүн куруу маселеси чечилип жатат


Орусиядагы кыргыз элчиси Раимкул Аттокуров Москва мэриясына аталган жайды курууга уруксат берчү документтерди ылдамдатуу өтүнүчү менен кайрылган. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда Москва мэринин орун басары Владимир Ресин бул туурасында өкмөттүн тиешелүү департаментине тапшырма берди. Ага ылайык Москвада 0,6 гектар жер бөлүнүп, курулуш иштерин баштоого уруксат берилсе заманбап, көп кабаттуу, ресторан мейманканасы бар маданий –ишкер борбор жана соода үйүн салуу болжолдонуп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG