Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

ЖАЛАЛАБАТ: ӨЗБЕКСТАНДЫК КЫРГЫЗДАР УНУТТА КАЛДЫБЫ?


Аксы райондагы Торук айылы экиге бөлүнүп калган. Райондун Кошдөбө айыл бийлиги Өзбекстандагы торуктук кыргыздар жашаган беш гектар жерди кыргыз тарабына өткөрүп алууну, айылдын Өзбекстанда калган бөлүгүнүн жашоочулары кыргыз бийликтеринен там-ташы менен түпкү мекенине көчүрүп алууну талап кылууда. Өткөн аптада Аксыда болгон өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин пикиринде, чегара кыштактары үчүн өзүнчө мыйзам зарыл.

Совет биримдиги ыдырагандан кийин Аксы районундагы Торук айылы экиге бөлүнүп калган. Айылдын Өзбекстан тарабындагы кырк кожолук кыргыз үйбүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү барлары кыргыз тарабына көчүп өтүшүп, отуз үйбүлө кыргыз өкмөтүнүн жардамына муктаж. Айылдын өзбек бөлүгүндө жашаган Кайрыкан Атамбекова коңшу өлкө башчыларынын келишимге келип, Торук айлына көчүп өтүүгө уруксат берүүсүн каалайт. Кыргызстандан жер берилсе, Өзбекстандагы үйлөрүбүздү бузуп, курулуш материалдарын ташып өтүп, үй куруп алат элек. Ансыз бизге Өзбекстанда күн көрү кыйын болуп калды - дейт пенсионер эне:

- Тууган-уругубуз Кыргызстанда жашайт. Биз болсо Өзбекстанда жашайбыз. Алар менен катташуудан, чегарадан өтүүдөн өтө кыйналабыз. Сууну Кыргызстандан ичебиз, Өзбекстандан суу тийбейт. Бир жерден жер ооштуруп Кыргызстанга өткөрүп койсо жакшы болот эле.

Алар мал-коюн Кыргызстанга жаят, Жер үлүштөрүн Торук айлынан алгандыктан салыкты Аксынын Кошдөбө айыл өкмөтүнө төлөшөт. Чек арадан ары бери өтөөрдө өкмөттүк аскерлер мазесин алышат. Өзбекстанда үлүш жер берилбей, туугандарына каттоо татаал маселеге айланганын өзбекстандык кыргыз Токторалы Атамкулов айтты:

- Кожолукка огород жок. Бала-чакабыз, тууган-урук Кыргызстанда, биз өтө албайбыз.

Аксылык аксакалдардын бири Ормон Алимов Торук айлынын Өзбекстанда калган бөлүгүн ооштуруп алуу маселесин көтөрүүдө. Анын пикиринде өзбекстандык кыргыздарды батырып алуу үчүн Кошдөбө айылында жер жетишээрлик:

- Элге компенсация берип там салып берсе, огородду кененирээк берсе. Жер кудайга шүгүр кенен. Элди чыгарып кетиш керек.

Торук айылы экиге бөлүнгөндө беш гектарга жакын жер Өзбекстанда калган. Ал айылдагы 21 адам кыргыз жарандыгын алган. Кошдөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Раимжан Мавлянов Өзбекстанда калган кыргыз жерин алмаштырып, кыргыздарды көчүрүп алуу үчүн мамлекеттин каражат бөлүп берүүсүн сунуш кылды:

- Жер участкасын беребиз. Бизге мамлекет ссудадан жардам бериш керек. Бирок Өзбекстанда калып кеткен 4,6 гектар жердин компенсациясы болуш керек. Ансыз маселе чечилбейт.

Чегара кыштактарындагы айыл-кыштактар үчүн өзүнчө мыйзам зарыл. Жумушсуздук күчтүү болгондуктан чегара кыштактарынын тургундары башка жактан жумуш издеп, көчүп кеткендеринин турак-жайларын коңшу өлкөнүн жарандары сатып алып жатканы өткөн аптада Аксыда болгон өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге да маалым:

- Өкмөттөн чечтик, өзүнчө закон кабыл алабыз чегарада жайгашкан айылдар үчүн. Өзгөчө жеңилдик, акча, ссуда берип, керек болсо үй салып берип чегарабызды бекитпесек, акырындан жерибизден ажыраганы турабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG