Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

«АТАМЕКЕН» ПАРТИЯСЫ ЖАЛАЛАБАТТА ЖЫЙЫН КУРДУ


«Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү өз жыйынында өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык абалды талкуулап, абалдын оор экендигин белгилешти.

Конституциялык жана сот реформасы жөн гана жатканы, бийлик эски өнөктөшүнүн кемчиликтерин кайталап келатканы тууралуу айтылды. Партиянын облустагы бөлүмүнүн жооптуу катчысы Асылбек Текебаев жумушсуздуктун айынан өлкөдө жаштар азайып жатканын, социалдык-экономикалык тармакта мүчүлүштүктөр арбын экенин билдирди:

- Эмгекке жарамдуу адамдардын Оруисяга, Казакстанга жана башка жакынкы өлкөлөргө жумуш издеп кетип калгандыгына байланыштуу жумуш колдун жетишпегени келип чыгып атат. Булардын бардыгы азыркы бийликтин социалдык программасынын жоктугун билдирет.

Анын болжолунда бийлик элдин үмүтүн актабагандыктан бийликке болгон ишеним азайып, кризистик жагдай туулду:

- Учурда элдин азыркы бийликке болгон ишеними кайтып жатат. Анткени жогоруда айтылган ар кандай социалдык, саясий жана экономикалык жетишпестиктер элдин нааразычыгын уламдан улам пайда кылып атат. Эгерде өкмөт учурда кандайдыр бир программа менен чыгып абалды оңдоо боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсө өлкөнү чоң кризиске алып келет.

Партиянын мүчөсү Калыбек Алиевди өлкөдө жашоо оорлоп, бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү камыр-жумур болгону тынчсыздантты:

- Элдин жашоосу жакшы жака өзгөргөн жок, криминал өстү.

Коррупция мурдагыдан оорчуп кетти. Жалалабат шаар тургуну Үрүнса Турдиеваны паракорчулуктун азайбай, мамлекеттик байлыктардын сатууга коюлуп, мыйзамсыздыктар өкүм сүргөнү өкүндүрдү:

- Азыр наркозу жок эле коррупция болуп адам өлтүрө турган жашоо тарап кетти.

Апрель митингине катышкандарга түрдүү айыптар тагылып, суракка чакырылып жатканы түшүнүксүз. Бийлик кысым көрсөтүү менен оппозиция өкүлдөрүнүн укугун тебелөөдө. Партиянын Жалалабат шаарындагы координатору Ильич Нарматовдун пикиринде “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” лидерлерин суракка алууну президент тыйып койсо болмок:

- Коркутуп-үркүтүү деген болуп атат. Митинге катышкандардын бардыгын суракка алганы бул адамдын укугун тебелеп жатканы. Биздин президент дагы Конституциянын гаранты катары ушул нерсеге тоскоолдук кылып, суракка алышты токтотуш керек эле.

“Ата мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн бүгүнкү кырдаалга берген баалары менен губернатордун кеңешчиси Айчүрөк Мамажанова макул болгон жок. Абал азыр стабилдүү, ар ким өз эмгеги менен убара. Жыл башынан бери 3700 адам жумуш менен камсыз болгон:

- “Ата мекен” партиясы жалпы Кыргызстан мамлекетинин куш дегени туура эмес. Азыр эл тынчтанып, элдер өздөрүнүн дыйканчылыгы менен иштеп жатышат. Партия жер-жерлерде өздөрүнүн чогулушун өткөрүп жатканы жөнүндө биз дагы угуп жатабыз. Бул партиянын максаты мурдатан эле өлкөдө абал курч болуусун каалап келген.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG