Бул туурасында “Азаттыкка” жер басып алгандардын лидерлеринин бири Абдыкасым Амираев билдирди. Өткөн жумада Аламүдүн районуна караштуу беш гектер жерди Лесхоз айлынын тургундары бөлүп алып, таш түшүрүп, дубал кура башташаарын айтышкан. Бирок алар мындай аракеттерин токтотуп, азыр өкмөткө кайрылып бул маселени мыйзамдуу чечип берүүсүн талап кылышууда. Талаштуу бул жер Бишкек шаарынын башкы планында бар. (EBM)