Бириккен фронттун рефрендум өткөрүү боюнча демилге тобунун жетекчиси Виталий Искаковдун арызын БШК кийинки отурумунда карамакчы. Фронттун өкүлү берген арыз Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда конфедереция түзүү, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча 300 миң кишинин колун чогултууга байланыштуу берилген.
БШКнын бүгүнкү отурумунда президенттик жана парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабынын мыйзамдуулугу тууралуу талаш-тартыш кеп болду. БШК айрым мүчөлөрү “Референдум өткөрүү тартиптери тууралуу” жобого ылайык президент менен парламент мүчөлөрү мамлекеттик кызматкерлер, ошондуктан, аларды кызматтан бошотуу талабы референдумга коюлбай тургандыгын айтышты. Кээ бирлери болсо президент менен депутаттар эл тарабынан шайланган жетекчилер, ошондуктан, аларды кызматтан алуу талабын референдумга коюунун мыйзамдуулугун аныктоону Жогорку Кеңешке тапшыруу керек деген ойлорун билдиришти. Бир пикирге келе албаган БШК бул маселени кайрадан карап, андан кийин чечим кабыл алууну кийинки отурумга калтырышты.(ZKo)