Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

18:45 Баткенде салмагы 5 тоннадан ашуун коркунучтуу делген стронций аттуу химиялык элемент кармалды


Бүгүн 9-июль күнү эртең менен Баткен бажысынын Кызылбел постунда Тажикстандан келаткан МАЗ маркасындагы автоунаадан 904 айнек банкага салынган, 143 жыгач кутуга камтылган салмагы 5 тонна 800 киллограмм, баасы 38 миң 500 АКШ доллары чамалуу стронций аттуу химиялык элемент кармалды. Жүктү Тажикстандагы бир заводдун жана Исфана бажысынын атайын эн тамгалары коштогондугу маалым болду. Бул факты боюнча оперативдүү иликтөө иштери башталып, жасалма документтер болушу мүмкүн деген шектенүүлөр пайда болду. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев «Азаттыкка» маалымдады.

Стронций - № 38 атомдук химиялык элемент. Радиоактивдүү зат болуп саналат. Уранды кайра калыбына келтирүүдө, оптикада, колону, жезди бөлүүдө жана кызыл түстү алууда колдонулат. Стабилдүү стронций көп деле коркунучтуу болбогону менен радиоактивдүү стронций бардык тирүү жанга өтө чоң коркунуч жаратат. Бул заттын «Стронций-90» аттуу түрү дүйнөдөгү эң коркунучтуу радиоактивдүү заттардын катарына кирет. Маалыматтарга ылайык радиоактивдүү стронций ядердик сыноо учурларында жана АЭСтерде авария болгон учурда чөйрөгө таркап кетиши мүмкүн.(IJz)

XS
SM
MD
LG