Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

КЕМИНДИКТЕР ЧЕРНОБЫЛЧЫНЫН САЛАМАТТЫГЫНА ТЫНЧСЫЗДАНЫШУУДА


Кеминден келген жыйырма чамалаш шайлоочу бүгүн Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн учурунда чыккан чатакка байланыштуу камакка алынган Назарбек Жамантаевди бошотууну талап кылышты. Алар ЕККУга, Жогорку Кеңешке жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине жүрүш жасашты.

Назарбек Жамантаев Коопсуздук кызматында убактылуу камакта 4-майдан бери отурат. Ага 23-апрелден 24үнө караган түнү Кемин райондук сотунун имаратында массалык тартипсиздикти уюштурган деген доо коюлууда. Бирок, анын чын-бышыгы аныктала элек. Коопсуздук кызматы аталган иштин кийинки жагдайлары тууралуу коомчулукка эч кандай маалымат берген жери жок.

Жамантаевдин таламын коргоп Бишкекке Кашкелең айылынан келген туугандарынын, жердештеринин билдиргендерине караганда, ал камакка алынгандан бери дарыгер да, адвокат да, үй бүлөсү да жолугуша албай, кат-кабарын биле албай убара тартышууда:

- Эч кандай жолугушуу болбой атат. Такай дарыгер карап туруш керек эле, акыбалы начар болчу. 4-майдан бери ал жигиттин абалы эмне болуп атканын билбейбиз,-/i> дейт нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири Анара.

Назарбек Жамантаев Чернобыль кырсыгынын катышуучусу, ошондуктан ага майып катары өзгөчө көзөмөл керек дейт анын жубайы Аида:

- Ошондон бери эки ай болоюн деп калды. Өзү майып болсо. Булардын өздөрүнүн тукум кууган оорулары да бар. Жүрөгү ооруйт. Ошол. Анан Кашкелеңдин эли акча чогултуп, туугандарын жиберди айыл боюнча.

Аиданын айтымында, 4-майдан бери ал Коопсуздук кызматынын бардык баскычтарына, Жогорку Кеңештин отузга жакын депутатына кайрылып, бирок, колдоо таппай келатат.

Жердештери камакта отурган Назар Жамантаевди күнөөсүз жабыр тарткан абийир туткуну деп эсептеп жатышат. Ошондуктан, алар бул жолку тынч митингди коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөн алгачкы кадам дешип, эгер тиешелүү тараптар бейкүнөө адамды бошотууга бир апта ичинде кол кабыш кылышпаса ооганчы, баткенчи, чернобылчыларды да кеминдиктерге кошуп, тилектештикке чакырарын билдиришти.

Анткен менен «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын пикиринде маселени укуктук негиздө чечүүдөн өткөн жол жок:

- Эми баары эле айтышат кармалганда, эч кандай тиешебиз жок деп. Кандай болгон учурда да адвокат кирип, өзү менен толук сүйлөшүп, бүт бардык суракка алган учурда, процедураларына катышпаса биз бияктан чырылдай беребиз да бизге кулак салбайт.

Бул күнкү нааразылык акциясына чыккандар ЕККУнун Бишкек кеңсесинин төрагасы Маркус Мюллерге, кеминдик депутат Каныбек Иманалиевге Назар Жамантаевдин аялынын атынан жазылган катты тапшырып, чернобылчыны бошотууга көмөк көрсөтүү убадасын алып, кайтышты. Ушундай эле суранч менен Орусия элчилигине да кайрылышты.

23-апрелден 24-апрелге караган күнү Кемин райондук соту Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Бермет Акаеванын шайлоого катышуу укугуна байланышкан арызды карап, ал чыр-чатактар менен коштолгон. Бул факт боюнча Чүй облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, анын негизинде Бермет Акаева Бишкектен чыкпоо тууралуу тил кат берип, үй камагына алынган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG