«Аль-Каида» согушкерлеринин туткунунда болгон Ирактын бул жарандарынын айрымдары туткунда турганына 4 ай болгон. АКШ өкүлү Уильям Колдвеллдин айтымында, алардын кээ бирлеринде кыйноонун белгилери бар. Ал эми кечээ Багдаддагы соңку чабуулдан кеминде 4 киши мерт болуп, Самарра шаарында Ирак полициясынын эки өкүлү тындым кылынды.