Отузадыр шайлоо округундагы шайлоонун экинчи айлампасына байкоо жүргүзгөн акыйкатчынын айтымында, адамдар жаман-жакшы айтышып эле жөн калбай, «кыргыз туруп эмнеге тажикке иштеп жатасың?», «эмнеге өзбек туруп кыргызга иштеп жатасың?» деген өңдүү дооматтар менен бири-бирин мазактап, кол көтөрүштү. Бул округда бир талапкердин алты-жети жактоочусу жаракат алса, экинчи талапкердин бир жактоочусу набыт болду:
- Эгер Кыргызстанда шайлоо мындай болсо, 24-март окуясы эле кайталанып тим калбастан, жарандык согуш болот. Ошондуктан, мен президентке, Жогорку Кеңешке кайрылдым. Кечээ төрага Марат Султанов менен да оозеки сүйлөштүм. Мындан ары мурда калыптанган система боюнча шайлоо өткөрүүгө болбойт.
Акыйкатчы президентке жолдогон катында Жогорку Кеңешке шайлоону толугу менен партиялык тизме аркылуу өткөрүүнү сунуш кылды. Мындай сунушту буга чейин да берген болчу. Экс-депутат мыйзамга баш ийүүчүлүк эмес, уруучулук-тууганчылык, чыр-чатактар талаш-тартыш аралашып, добуш сатып алуунун түрдүү жолдору пайдаланылган шайлоо Кыргызстан үчүн кадырэсе көрүнүш болуп калгандыгын Отузадыр жана Кемин шайлоо округдарындагы окуялар дагы бир жолу далилдеп отурат, дейт.
Турсунбай Бакир уулунун баасын Борбордук шайлоо комиссиясынын Отузадырдагы шайлоонун экинчи турунда болгон мүчөлөрү Жылдыз Жолдошева менен Болот Малабаев натура баа катары санап жатышат. Отузадырда улуттук жаатташуу болгон жок деп билдирди БШК мүчөсү Болот Малабаев:
- Ошончолук одоно мыйзам бузуу болгон жок. Сөз жок эми, мастар болушту, мушташтар чыкты, айрыкча шайлоо участоктору жабылгандан кийин. Жаңыарык айылы боюнча штаб башчыны өлтүрүп салышты…
Шайлоо демократиялык принциптер менен ченелип, майда дагы, чоң дагы чыр-чатактарга жол берилбегидей деңгээлде өтүшү керек, ансыз элди жоготуп алуу коркунучу пайда болот деп эсептеген саясатчылардын бири, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Искак Масалиев:
- Мен деле чарчабай эле айтып келатам, жөнөкөй шайлоо, өткөндөгүдөй шайлоо элибизди бөлүп жок кылат.
Ошондуктан, Искак Масалиев да парламенттик шайлоо толугу менен партиялык тизме аркылуу болушун жактайт. Бирок, бул каалоо менен мыйзамдагы жоболор дал келбейт. Былтыр ноябрда кабыл алынып, декабрда оңдолгон Конституцияга шайлоонун можаритардык-пропорционалдык системасы киргизилген. Конституциялык соттун карамагына берилген жаңы долбоорго да ушундай эле жобо киргизилгендиги айтылып жатат. Анткен менен, парламентте партиялык тизмени киргизүүгө кызыкдар депутаттардын саны аз эмес. Азыркы тапта «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулап жаткан парламент шайлоону башкы чыр-чатактардан арылтуунун ыктымал жолдорун караштырып жаткан шекилдүү.
- Дагы бир мүмкүнчүлүк бар: көп мандаттуу округ деген болот. Мисалы, мен 1999-жылы Ошко шайланганда Ошту төрт округга бөлгөн. Төрт округдан үчтөн депутат шайланат эле да бир тизме менен. Жок дегенде ошондой жолдорду пайдаланса, жердешчиликтен алыстатканга мүмкүнчүлүк берет эле,-дейт Исхак Масалиев.
Бирок, мындай сунуш депутаттардын колдоосуна ээ болору күмөн. Анткени, айрымдары али Жогорку Кеңештин деңгээлинде сындан өтө элек бул өңдүү ыкма өзүн актаарына ишенишпейт.