Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЭКИНЧИ ОРУНГА ЧЫКТЫ


13-майда грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алтын медалын кыргызстандык Данияр Көбөнов жеңип, Азиянын эки жолку чемпиону болду. Ошентип Бишкекте алты күн Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандык төрт балбан алтын медалдын ээси болушту.



Сүрөттө: Жогоруда Данияр Көбөнов, төмөндө Канатбек Бегалиев.

Кечээ, 13-майда грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары 60, 74 жана 96 кг. салмактарда жыйынтыкталып, Азия чемпиондору аныкталды.

60 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргон 15- Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев коло медаль үчүн казакстандык Бекжан Шерболов менен килем үстүндө мөрөй талашып, атаандашын утуп алды. Азия чемпионатында үчүнчү байгелүү орунду ээлеген Руслан Түмөнбаев эми күзүндө Бакуда өтө турган дүйнө чемпионатында Пекин олимпиадасына жолдомо жеңип алууга аракет кылам дейт. Бул 60 кг. салмактын баш байгесин түштүк кореялык Мон Хо-Сон жеңип алды.

74 кг. салмакта мурдагы жылкы Азия чемпиону, 14-15-Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, кыргызстандык Данияр Көбөнов баш байге үчүн казакстандык Асет Адилов менен күч сынашып, күйөрмандарды сүйүнтүп алтын медалдын ээси болду.

Азиянын эки жолку чемпиону болгон, 14-15- Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээси Данияр Көбөнов жарым финалдык таймашуу курч мүнөздө болгонун айтып, Азия чемпионатында кыргыз спорт күйөрмандарынын үмүтүн актап, жеңишке жетишкенин билдирди.

96 кг. салмакта Азамат Эркинбаев да коло медаль үчүн түштүк кореялык Лэ Эол менен күрөшкө чыгып, атаандашынан утулуп калды. Бул салмактын башкы байгеси Азия чемпиону үчүн казакстандык Асет Мамбетов менен ирандык Резан Газем килем үстүндө күч сынашып, жеңиштин бийик сересине ирандык балбан көтөрүлдү.

Азия күрөш федерациясынын президенти Ким Чанг Кью жыйырманчы Азия чемпионатынын мөрөй талашуулары курч мүнөздө өткөнүн, Кыргызстандын спорт жетекчилери жакшы деңгээлде уюштурганын айтып, Азия аймагында күрөшкө кызыгуу күчалып баратканын билдирди:

- Бишкектеги 20 - Азия чемпионаты ийгиликтүү аяктады. Уюштуруу тобу жакшы даярдык көргөн экен. Таймашуулар калыстыгы менен айырмаланды . Азия аймагында күрөштүн таасири жогорулап барат.

Жыйырманчы Азия чемпионатынын жалпы командалык биринчилигин Иран өлкөсүнүн балбандары ээледи. Бишкектеги Азиялык таймашууда кыргызстандык балбандар 4 алтын жана 4 коло медаль утуп алуу менен командалык эсепте экинчи орунду камсыз кылышты. Байгелүү үчүнчү орун Кытайдын командасына ыйгарылды.

Спорт күйөрмандардын эсине сала кетейин. Эркин күрөштөн Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков, грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев менен Данияр Көбөнов Азия чемпиону болушуп, алтын медаль тагынышты.

Кыргызстандык балбандар 15-Азия оюндарынын коло медаль ээлери Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев, Нурбек Ибрагимов жана Яна Панова да Азия чемпионатынын коло байгесин утуп алышты.

Ошентип Бишкекте эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жыйырманчы Азия чемпионаты ийгиликтүү жыйынтыкталды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG