Кумтөр жолуна жамаатташ жайгашкан айылдардын тургундары кенди иштетип жаткан канадалык ишкана менен кыргыз өкмөтү 1993-жылы түзгөн башкы макулдашууну кайра карап чыгуу, Барскоон окуясында жабыр таркандарга төлөнүп жаткан компенсациянын акыркы траншын токтоосуз төлөп берүү талаптарын коюп, он күндөн бери Кумтөргө бараткан автожолду тосуп турушкан. Акция Кумтөр ишканасынын, жергиликтүү бийликтин жана президенттик администрация өкүлдөрүнүн акциянын катышуучулары менен сегиз саатка жакын убакыт сүйлөшүүдөн кийин токтотулду. Бул тууралуу сүйлөшүүгө катышкан президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун билдирди. Турсунбек Акун маселе мындай жол менен чечилбесе, мыйзам чегинде чара көрүү зарылдыгы келип чыкмак дейт. Мындан бир күн президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов Кумтөр кенин көздөй кеткен жолду тосууну токтотуу чараларын көрүү демилгеси менен чыккан. Буга чейин Жетиөгүз райондук ички иштер министрлиги жол тосуу фактысы боюнча кылмыш козголгондугун кабарлаган. Анткен менен, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркин Алымбеков элди ашкере күнөөгө жыгууну эп көргөн жери жок.
«Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова мындай коркутуп-үркүтүүлөр бардык учурда эле бийликке ыңгайлуу боло берерине ишенбейт. Ошол эле учурда, бийлик өкүлдөрү Кумтөр кенине каршы чыккан элдин артында козуткан саясатчылар бар деп эсептөөдө. Мындай пикирин Турсунбек Акун да билдирди. Бирок, проблеманын өзөгү мында эмес деп эсептеген Жогорку Кеңештин депутаты, «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин көз карашында, бийликтин кудуретсиздиги «Кумтөр» өңдүү негизги байлыктын баасын түшүрүп, ал элдин кыжырын келтирип жатат. Өмүрбек Текебаев «Кумтөрдү» толук көзөмөлгө алуу демилгесин колдогон депутаттардын бири. Мындай мыйзам долбоорун депутат Арслан Малиев иштеп чыгып, парламент аны биринчи окулушунда кабыл алган болчу. Ошентсе жа, аталган долбоорго карата парламентте бир кылка көз караш жок. Төрага орун басары Эркин Алымбеков бул долбоорго астейдил мамиле кылуу зарылдыгы барын белгиледи. Ошентсе да Парламенттин бул кадамы канадалык тарыдн шаштысын кетирип жатат. Бул маселени жакынды тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушуусунда Канаданын Кыргызстандагы элчиси Маргарет Скокк да козгоду. Муну кадырэсе көрүнүш катары санаган «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова бул жеңил эмес маселени чечүү үчүн саясий эрке керек дейт.
Тышкы иштер министринин билдиргенине караганда, өкмөттүн алтын кенин мамлекеттештирүү ою жок, бирок, башкы макулдашууну Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайыктоонун аргасын издеп көрөт. Расмий булактын маалыматына караганда, бул маселени келерки жумада «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын жетекчилиги менен бир устөлдө отуруп талкуулоону болжоп жатат. Андан кандай майнап чыгары али белгисиз. Бул аралыкта укук коргоочулар 1992-жылдан ебир Кыргызстандагы ири алтын кенинин күнүн канадалык компания гана көрүп, жергиликтүү калк экологиялык жактан да, социалдык жактан да зыян тартпаса пайда көрө элегин, өкмөт экономикалык жактан утулуп келатканын белгилеп жатышат. Адистердин баамында Кыргызстандын карызы күчөп турган бүгүнкү шартта өкмөт чечкиндүү кадамдарга барбаса утушка жетпей тургандыгын айтып жатышат.